Ош шаарынын мэри "Кадыр Түн" кечесин Сулайман-Тоо мечитинде тосту

23 июнь 2017 11:39 566 www
Бөлүшүү:
ok

21-июндан 22-июнга караган түнү "Кадыр Түн" тосулуп, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардыктар менен бирге Сулайман-Тоо мечитинде ибадат кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаар башчысы ыйык "Кадыр Түн" өлкөгө бирмдикти, тынчтыкты, берекени  алып келсин деген тилегин билдирди. Ошондой эле, момун мусулмандардын туткан орозосу кабыл болсун деп кошумчалады.

Кадыр Түн Ош шаарындагы баардык мечиттерде болуп, мечитке келгендер ооз ачуу менен бирге таң аткыча Ыйык Курандын сүрөөлөрүн угушуп, намаз окуп ибадат кылышты.

Кадыр Түн тосууга келген мусулмандардын саны Сулайман-Тоо мечитинде 15 000 тегерегинде болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content3052



Добавить комментарий