Кыргызстандык жигит кафеде кыздын колун сурап, каршы болгону үчүн сайгылап өлтүрдү

23 июнь 2017 11:28 1106 www
Бөлүшүү:
ok

 Москвадагы кафелердин биринде кыргызстандык жигит официант кыз ага күйөөгө чыгууга маккул болбогону үчүн бычактап өлтүрдү. Окуя 22-июнда болду. Бул тууралуу ТАСС маалымдады. 

Эркек киши кафенин ичинде кызга 9 ирет бычак урган. Бычактан алган жаракатынан улам кыз окуя болгон жерде көз жумду. 

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, кылмышкер кыз менен социалдык түйүндө таанышкан. Ал анын колун сураган бирок кыз макул болбой койгондо кылмышкер аны өлтүрүүнү чечкен.

 Жигит да, каза тапкан кыз дагы Кыргызстанда туулган жарандар.

Учурда кылмыш иши козголду, киши өлтүргөн жигит кармалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3049



Добавить комментарий