Россия Кыргызстан жана Казакстандын аскерлерин Сирияга жиберүү боюнча сүйлөшүп жатат
Россиянын Мамлекеттик думасынын коргонуу боюнча комитетинин башчысы Владимир Шаманов РИА Новости агенттигине Россия Казакстан жана Кыргызстан менен алардын жоокерлерин Сирияга жиберүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын тастыктады.
Басылма кабарлагандай, буга чейин Түркиянын президентинин өкүлү Ибрагим Калын Россия тарап Сириядагы согуш болгон аймакка Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин жиберүү сунушун айтканын маалымдаган эле.
“Учурда Россиянын аскер полициясынын өкүлдөрү Сириядагы тартипти камсыздоо боюнча тапшырманы аткарууга катышуусу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандагы биздин кесиптештердин сунуштары дагы каралууда. Сүйлөшүү процессин баштоо ниетибиз бар, бирок азырынча чечим кабыл алына элек”,-деп айтты Шаманов.
“Азыр кайсы жер экенин айтышка эртелик кылат, бирок Түркия менен да сүйлөшүү жүрүп жатат, алар да Астана сүйлөшүүсүнүн катышуучулары болуп саналат”,-деп кошумчалады парламент өкүлү.
Ссылка: https://barometr.kg/content3046
Добавить комментарий ×