Атамбаев Ананьеводо көз жумгандардын жакындарына жардам берүүнү буюрду

21 июнь 2017 09:26 521 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жарылуудан эки адам каза таап, сегиз адам жабыркаган.
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куючу жайдагы жарылуудан улам каза тапкандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.  

Эске сала кетсек, кечээ күнү саат 17:22лер чамасында 101 кызматына Ананьево айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан газ толтуруучу жайдын күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 18:31де чектөөгө алынып, 21:15те толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан ата-бала каза болуп, дагы сегиз адам жабыркаган. Учурда ооруканада жаткан жети байтаптын бешөө денесинин 90 пайызынан күйүк алып, оор абалда.

Ошондой эле өлкө башчы жарылуудан көз жумгандардын туугандарына көңүл айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/content2930



Добавить комментарий