Кыргызстанда парламенттин спикери шайлана элек

19 апрель 2016 22:22 669 Barometr
Бөлүшүү:
ok

      Бир аптадан ашуун убакыттан бери, Жогорку кеңештин төрагасын шайлоо боюнча сүйлошүүлөр жүрүп жаткандыгы менен, эч кандай майнап чыга элек. Аталган кызматка  депутаттар “Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Канатбек Исаевди жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди көрсөтүп жатышат.

     Бүгүн, 18-апрельде Жогорку кеңеште өткөн жыйында,парламентке төрага шайлоодо депутаттар бир чечимге келе алышкан эмес. Бул тууралуу  Коалициянын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: «Фракциялардын ар биринин ой-пикири маалым болгону менен жалпы бир жыйынтыкка келүү кыйын болуп жатат. Эгер бир жыйынтыкка келе албасак анда 20-апрельде боло турган жалпы парламенттик отурумда эки талапкердин бирөөсун төрагалыкка чыгарабыз».

      Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын арасында, бул эки талапкерди тандоо боюнча жашыруун добуш берилип, бирок добуштар тең болуп калгандыгына байланыштуу, тандоону жалпы жыйындык добушка калтыруу чечими кабыл алынгандыгын, фракциянын депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди. 

     Айрым байкоочулар Жогорку Кеңешке төрага шайлоонун айланасында саясий оюн кызып, спикер тандоодо каражат маселеси негизги роль ойнойт деген пикирде.

 

 Маалымат  Azattyk.kg сайтынан алынды

 

Ссылка: https://barometr.kg/content293



Добавить комментарий