14 жашар бала чөгүп кетти
Бөлүшүү:
Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында 19-июнда саат 16:30 чамасында Кара-Мойнок жайлоосунда 2003-жылы туулган А.У. (Баткен району Актатыр айыл аймагынын тургуну) суу сактоочу жайда чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Издөө иштерине КР ӨКМнин 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, саат 20:04тө баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content2928
Добавить комментарий ×