Автоунааны ээлеп алуу фактысы ачылды

21 июнь 2017 09:04 369 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19 июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.

Себеби 2017-жылдын 18 июнь айында болжол менен 05:30 чамасында Токтогул жана Ломоносов көчөлөрдүн кесилишинде белгисиз бала арыз ээсинин “Крайслер” маркасындагы автоунаасынын терезесин сындырып, айдап качып кетүүгө аракет кылган. Бирок, арыз ээсин көрүп калып автоунаадан качып чыгып кеткен.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергөө бөлүмүнүн кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 28 жана 172- беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракетинин негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 18-жаштагы Р.С аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Тергөө иштери улантуулуда.

Ссылка: https://barometr.kg/content2924



Добавить комментарий