Эквадор: жер титирөөдөн 246 адам курман болду

18 апрель 2016 12:25 413 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эквадордогу жер титирөөдөн  курман  болгондордун саны  246 ке жетти. Бул  боюнча “Риа Новости”  маалымат агенттиги жазып чыкты. Акыркы маалыматтарга караганда,  Эквадор  мамлекетинде катталган  жер титирөөдөн  жалпы 2,5 миңден   ашуун  адам жабыр тартып, 246  жаран  каза болду. Буга байланыштуу  өлкөдө өзгөчө кырдаал  жарыяланып, куткаруу иштери жүрүп жатат. Эскерте  кетсек, кырсык 16-апрель күнү  катталып, күчү 7,8 баллга жеткен. Бул жер титирөө 1979-жылдан бери өлкөдө  биринчи жолу катталгандыгын  Эквадор мамлекетти Геозикалык Институту билдирди. Кырсык Манаби провинциясын, Гуаякиль, Портовьехо жана Манта шаарларын  талкалаган.                          

Ссылка: https://barometr.kg/content291



Добавить комментарий