Катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан мотоциклист 12 млн акчасын жоготуп алган
Бөлүшүү:
40 жаштагы жеке ишкер Приморск районунун полиция бөлүмүнө келип акча жоготконун билдирген. Анын айтымында, 24 километрде батыш жогорку ылдамдык диаметринде жүрүп кетип бара жаткан. Ал мотоциклде катуу ылдамдыкта жүрүп бара жатып сумкасы ачылып кетип андан товарга тиешелүү кагаздар жана 12 млн рубль көлөмүндөгү акчасы учуп кеткен. Бул тууралуу «Фонтанка» басмасы кабарлады.
Окуя 6-июнда кечке маал болуп, ал эми полицияга кеч кайрылгандыгынын себебин жактоочусу менен кеңешкендиги менен түшүндүргөн.
Асманга учкан акчалар ошол замат унаа айдап бара жаткандардын көңүлүн бурган. Алар унааларын токтотуп, учкан акчаларды жыйнап ала башташкан. Алардын ичинде ээсине кайтарып берүү үчүн да чогулткандар бар. Алардын ичинен Азиз аттуу ЗСДнын кызматкери да болгон. Ал жарым миллион акчаны чогултуп жогорку ылдамдыктагы диаметридин жетекчилигине алып барып берген.
Баардыгы болуп мотоциклистке 8-июнга чейин 17 саат ичинде 12 миллиондун 2 млн рубль гана кайтарылып берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content2908
Добавить комментарий ×