"Газпром Кыргызстан" "Балбан-Таймаш" жаңы конушуна газ киргизди

20 июнь 2017 14:31 605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Балбан-Таймаш" жаңы конушунун тургундарынын үйүнө көгүлтүр отун киргизилди. Бул тууралуу  бүгүн, 19-июнда  мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Аталган иш-чарага Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Бишкекгаз» филиалынын директору Манас Акматбеков катышты.

Жаңы конуштун 1400 жашоочусунун үйүнө газ киргизилди.

Биринчи май  районунун аймагында 16 жаңы конуш бар жана анын 7өө көгүлтүр отун менен камсыздалган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2904



Добавить комментарий