Унаалар сүзүшүп, бир адам жабыркады
Бөлүшүү:
Нарын шаарында оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, айдоочулардын бири ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, И.Раззаков көчөсүндө токтоп турган “ДАФ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны “Волга-3110” үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүп токтогон. Кагылышуудан кийин экинчи унаанын кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан. Анын натыйжасында айдоочулардын бири алган жаракатынан улам Нарын шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жеткирилген. Азыркы убакта ал дарыланып жатат.Учурда тактоо иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content2899
Добавить комментарий ×