Москвада Кыргызстандын маданий күндөрү. Атамбаев жана Путин Кремлде өтчү кыргыз аткаруучуларынын концертине барышат
Бөлүшүү:
Бүгүн, 20-июнда, Москвада Кыргыз Республикасынын маданий күндөрү өтмөкчү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Марлен Солян маалымдады.
Россияда тургундарды жана конокторду Кыргызстан маданият күндөрүнүн алкагында чоң программадагы концерт сунушталат. КР таланттары өнөрлөрүн тартуулап, кыргыз кино тасмалары, сүрөттөрдүн жана көркөм өнөр көргөзмөсү тартууланмакчы.
Азыркы тапта Россия жергесинде жүргөн президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content2867
Добавить комментарий ×