Жардыруудан жабыркагандар үчүн тез арада кан керек
Бөлүшүү:
Ысык-Көл областынын Ананьева айылындагы жардыруудан кийин жабыркагандар үчүн тез арада кан куюуу керек. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун администрациясы кабарлады.
Райадминистрация кайдыгер эмес жараандарды жардыруудан жабыркагандар үчүн кан берүүсүн суранат. Байланыш телефондору: 0(777) 911 342. Кан тапшыруу борбору Чолпон-Ата шаары.
Эскерте кетсек, кечээ, 19-июнда Ысык-көл районунун Ананьево айылында газ бекетиндеги жарылуу болгон. Андан улам эки адам көз жумуп, жаш бала менен бирге, 8 адам ооруканага жаткырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content2858
Добавить комментарий ×