Президент аарыны жеп койду
Бөлүшүү:
“Коста-Риканын президенти Луис Гильермо Солис журналистер менен маектешип жатканда аарыны жеп койду”,- деп “НТВ” маалымат программасы кабарлады.
Окуя өлкөнүнү туштүгүндөгү асфальт заводунун ачылышында болгон. Кабарчылардын суроосуна жооп берип жатканда президенттин оозуна аары кирип кетет. Бирок, президент аны жеп, жутуп койду. Тамашалап: “Бул видеону “CNN” каналына жөнөтүү керек”,- деген ал.
«Мен аарыны жеп койдум. Мындай күн сайын боло бербейт. ,”- деп Коста-Риканын башчысы абалдан чыгып кеткен.
Жардамчылары суу сунуштагандан кийин аны ууртап завод тууралуу аңгемесин уланта берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content2843
Добавить комментарий ×