Италиялык чоң эне социалдык тармактарды багындырууда

19 июнь 2017 13:58 663 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул сулуу чоң эне өзү тууралуу мындай дейт: “ Мен 50 жаштагы жөнөкөй аялмын”. Анын аты Жаклин.

Анын “Instagram” баракчасына “Realfashionist” деп катталып, ага 150 миң киши жазылган.  

Италиялык блогер-айымга социалдык тармакта модага болгон сүйүүсү атактуу кылды. “Instagram” колдонуучулары Жаклиндин жаштыгы жана сулуулугуна таң болушууда.

“Анын сүрөттөрүнө карап отуруп, ал 47 жашта жана эки неберенин чоң энеси деп эч ким ойлобойт. Белгилүу болгондой Жаклиндин туулган жери Сербия”, -деп билдирет “bigpicture.ru”.

Азыркы учурда 28 жаштагы кызы жана неберелери менен Италияда жашайт. Кесиби боюнча— филолог, беш тилде эркин сүйлөйт жана тендер өткөрүүчү компаниясы да бар.

Модага болгон сүйүүсү-ал үчүн жөн гана хобби. Өз үй-бүлөсүн ал “саркеч банда” деп атап асоциалдык тармактага баракчасына белгилүү дизайнерлердин кийимдерин жүктөп турат. Жаклиндин көптөгөн күйүрмандары анын фигурасы, келбети жана стили менен суктанышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2831



Добавить комментарий