Президент Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

19 июнь 2017 13:24 553 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июнда, өлкөнүн  Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өлкөнүн президенти тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Коопсуздук кеңешинин  Кыргыз Республикасынын  конституциялык  түзүлүшүн, суверенитетин,  көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн азыркы замандын көйгөйлөрүнөн жана коркунучтарынан коргоого, өлкөнү узак мөөнөттүү перспективага туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча чечим иштеп чыгуу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары   күчөтүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин толугу менен сапаттуу ишке ашыруу зарыл экендигин белгилеп, азыркы замандын көйгөйлөрүн  жана коркунучтарын эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын  натыйжалуу ишин камсыз кылуу тапшырмасын берди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2825



Добавить комментарий