Депутаттар Улуттук банктын төрагасынын айлык акысына кызыгышууда
Бөлүшүү:
Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Улуттук банктын төрагасынан канча айлык аларын сурады.
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын башкаруу мүчөлөрүнүн баары жыл сайын өздөрүнүн тапкан кирешелери тууралуу декларация тапшырышарын жана эс нерсени жашырбасын айтты.
“Менин айлыгым 120 миң сом, банктын башкаруу мүчөлөрү 100 миң сомго жакын маяна алышат”,-деп жооп узатты ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content2820
Добавить комментарий ×