Казакстанда EXPO-2017 көргөзмөсүнө жасалма билеттердин сатылышы иликтенүүдө

19 июнь 2017 11:19 483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  Астанада EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүнө жасалма билеттер сатылган деген маалыматты иликтөө иштери башталды. Улуттук почта операторунун басма сөз катчысы Сауле Мукашева күмөндүү билеттер Шымкент шаарында табылганын билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

"Бул чыныгы билеттер эмес, алардын көчүрмөсү. Алар Шымкент шаарында гана табылган",-деди ал.

«Астана ЭКСПО» компаниясы менен Астананын ички иштер департаменти териштирүү иштерин баштады. Жасалма билеттердин сатылышы боюнча алгачкы маалымат бир нече күн мурун чыккан. Мукашеванын айтымында, мындай билеттерге “Казпочтанын” штемпели басылган. Почта операторунун маалыматы боюнча, Шымкент акимчилиги жана шаардык билим берүү башкармалыгы сатып алган билеттердин арасында жасалмалары бар экени аныкталган.

«Казпочтанын» эсеби боюнча байланыш бөлүмдөрү аркылуу Түштүк-Казакстан облусуна 8 800 билет сатылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2813



Добавить комментарий