Акимдин орун басары: Паласты студенттер эмес, биздин кызматкерлер жууган
“Бүгүн жыйында АГУПКРнын студент-практиканттары тарабынан социалдык түйүндөргө жарыяланган фото сүрөттөр тууралуу териштирдик”,-деп айтты Barometr.kg сайтына Биринчи май районунун акиминин орун басары Бейшенов Канат.
Анын айтымында, студенттерге бир катар эскертүүлөр берилген. Алар жыртык шымдар тактап айтканда мекеме кызматкерлерине ылайык эмес кийимдер менен келишкен. Эскертүүдөн соң алар “башка кийимбиз жок эмне кылсаңар ошол кылгыла”,- дешкен.Түшкү тамакка кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес.
“Биз АГУПКР жетекчилигине бул студенттерди Биринчи май райондук акимчилигинен практикадан өтүүсүн четтетүү боюнча кайрылдык жана университет чара колдонду. Чындыгында паласты биздин кызматкерлер жууган, ал эми алар колдоруна шланга кармап жөн гана сүрөткө түшүп коюшкан. Аларды эч ким палас жуугула деп мажбурлаган эмес”,-деп айтты Бейшенов.
Ссылка: https://barometr.kg/content2810
Добавить комментарий ×