Азиза Абдирасулова жубайы бар эркектер менен байланыш түзгөн аялдарды жазалоону сунуштады

19 июнь 2017 10:48 2068 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кылмыш кодексине башка үй-бүлөнү бузган аялдарды жазага тартуу боюнча оңдоо киргизүүнү сунуштады Бул тууралу ал өзүнүн Facebook түйүнүндөгү баракчасына жазды. 

Абдирасулованын маалыматында

“Биздин Кылмыш Кодексибизде эки аял алган эркектердин гана жазасы каралып калган.

Бирок, уй-булоосу бар экенин билип туруп бироонун турмушун бузган аялдардын жоопкерчилиги каралган эмес.

Аялы бар, уй-булоосу, бала-чакасы бар эркектерди азгырып, башкалардын турмушун бузуп жашыруун тийип алып, анан ал уй-булоонун, балдардын ырыскысын талашкан аялдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну мыйзамдаштыруу демилгесин колдой тургандар барбы?”,-деп айтылат.

Эскерте кетсек, Улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 млн 38 миң 586 аял жана 2 млн 980 миң 894 эркек бар. Алардын ортосундагы айырма болгону 57 миң.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2807



Добавить комментарий