19-июндан 23-июнга чейин Кыргызстанда күтүлүп жаткан аба ырайы

19 июнь 2017 10:35 1299 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

20-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. 21-июнда кээ бир тоолуу райодордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2806



Добавить комментарий