Президент саламаттыкты сактоо министрин кабыл алды

19 июнь 2017 09:32 400 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 Президент 17-июнда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, тактап айтканда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу диализдик кызматтын  калкка  жеткиликтүү болушун камсыз кылуу туурасында маалымат берилди.
Талантбек Батыралиев  Президентке ошону менен бирге өлкөдө жаңы медициналык мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ооруканаларды куруу, ремонттоо жана модернизациялоо боюнча мындан аркы пландары жөнүндө айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгилеп,  медициналык жардам берүү системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2794



Добавить комментарий