Бишкектин Киев көчөсүндөгү 7 кабаттагы батир өрттөнүп кетти

17 июнь 2017 12:24 848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте  бүгүн, 17-июнь күнү,  саат  01:15 чамасында Киев көчөсү 114\2 деги 11 кабаттуу үйдүн 7чи кабатындагы 100 чарчы кв.м батир толук түрдө өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин басам сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, эки бөлмөлүү батирдин 2 эшиги, 2 терезеси, отургучу, телефон, сыналгы жана «Аристон» суу жылыткычы күйүп кеткен.

Саат 03.00дер чамасында өрт өчүрүлгөн. Бешинчи кабаттан онунчу кабатка чейинки 12 тургун эвакуацияланган.

Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынын кызматкерлери көп кабаттуу үйдүн бекилип калган 7, 8, 10 кабаттагы батирлерди ачууга жардам беришкен.


“Кырсыкта жабыркагандар жана каза тапкандар жок, өрттүн чыгыш себептери иликтенүүдө”,-деп өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content2780



Добавить комментарий