Ошто "Мээримдүү жүрөк" акциясы уланууда

17 июнь 2017 12:17 503 Barometr
Бөлүшүү:
ok
16-июнда "Мээримдүү жүрөк" акциясынын катышуучусу Ош шаарынын мэриясынын алдындагы  тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директору Замир Юсупов болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басам сөз кызматы кабарлады.
 
Ал дүкөндөн алган азык-түлүктөрдү текчеге жайгаштырып, жалпы шаар тургундарын, жеке ишкерлерди, саясатчыларды акцияга катышып, текчеге  келип салым кошууга чакырды. “Ош шаарынын жаштары тарабынан уюштурулган акцияны колдоого алып, улуу Рамазан айында өз салымымды коштум. Бул кадам бей-бечаралардын үй-бүлөсүнө чоң жардам болот деген ишеничтемин”,- деди З.Юсупов. "Мээримдүү жүрөк" акциясы ушул жылдын март айынан тарта жүргүзүлүп келет. Жалпысынан Ош шаарында жайгашкан ири соода түйүндөрүндө 9 текче жайгаштырылган. Бул текчелер Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2779



Добавить комментарий