Анапияевдин тууганы курал сатканы үчүн кармалды
Бөлүшүү:
Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курал сактап, саткан факты аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ыкчам иликтөө иш чараларын жүрүшүндө Сокулук районунун тургунунан Макаров тапанчасы 16 огу менен табылды.
11-июнда атайын операция жүрүп, анын натыйжасында тапанчаны сатууга шектелип 1985-жылы Ош областынын Алай районунда туулган М.К. кармалды. Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган жана Алмамбет Анапияевдин жакын тууганы болуп эсептелет.
Учурда бул иш боюнча тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2758
Добавить комментарий ×