Бакыт Джусупов Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалды

16 июнь 2017 12:57 448 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Джусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content2737



Добавить комментарий