Антон Землянухиндин кабыргасы сынды

16 июнь 2017 11:50 478 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индия-Кыргызстан беттешинде футболчу Антон Землянухиндин кабыргасы сынып, өпкө тушуна катуу сокку алган.

Бул тууралуу футболчу интернеттеги баракчасына жарыялаган.

Эскерте кетсек, 13-июнда Азия Куюогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн кыргыз футболчулары Индиянын  футболчулары менен беттеш өткөрушкөн. Турнурдин алгачкы мүнөөттөрүндө кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Антан Землянухин Индиянын дарбазачысы менен кагылышканда жаракат алган. Ал оюнду уланта албай, анын ордуна футбол талаасына Эдгар Бернхард чыккан. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Антон Землянухинди дарыгерлер оюн талаасынан алып чыгып кетишкенден кийин ооруканага жеткиришкендигин маалымдашкан. Индия-Кыргыз беттешинде Индия курамасы өз үйүндө 1:0 эсеби менен жеңип алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content2729



Добавить комментарий