БШК: Шайлоодо кандай паспорттор жарактуу

16 июнь 2017 11:18 450 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында белгиленген президенттик шайлоодо кыргызстандыктар үч түрлүү паспорттор менен добуш бере алат. Ошону менен катар шайлоого жашы жеткен жана биометрикалык маалыматын тапшырган кыргызстандыктар катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жашы жетип аны менен бирге биометрикалык маалыматын тапшырган баардык кыргызстандыктар шайлоого катышууга укугу бар.

“Шайлоочулар биометрикалык, жалпы жарандык паспорт жана ID-карды менен добуш бере алышат»,-деди ал өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Жогорку кеңеш 14-июнь күнү президенттик шайлоонун 15-октябырда өтө турганын шартаган токтом кабыл алган. Ал эми 15-июндан тартып баардык каалоочулар өлкө башчылыкка талапкерлигин көрсөтө алат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2724



Добавить комментарий