Токиодо карыялар тейлеген ресторан ачылды
Бөлүшүү:
Токиодо “The Restaurant of Order Mistakes” («туура эмес тейленген ресторан») ресторан ачылып анда өзгөчө официанттар тейлешет. Улгайган кем акыл (деменция) карыялар сиздерге кызмат көрсөтүшөт.
“Ресторандын ээлеринин башкы максаты эң жөнөкөй деп жазат”,- Bigpicture.ru сайты.
Карыган кемпир-чалдар сиздин тамагыңызды алмаштырып башкасын алып келиши да мүмкүн. Бирок, эгер кардар бул тууралуу билген болсо, анда ушундай диагнозу бар адамдарга болгон мамиле өзгөрөт. Дал ушул тажрыйба ушундай кем акыл адамдарга болгон көз карашты өзгөртүп, аларда коомдун бир мүчөсү экендигин түшүнүү кажет деген ойду айткысы келген. Эң негизгиси адамдарды жинденбей сабырдуу болууга үйрөтөт.
Фуд-блогер Мизухо Кудо бул сыяктуу өзгөчө тейлөөнү өзүнө сынап көргүсү келген. Эң алгач ал гамбургер заказ берген, бирок ага геза (япон пельмендерин) алып келишкен. Бирок ага бул абдан жаккан жана ал үчүн сюрприз дагы болгон.
Мизухо Кудо официанттар өз ишинен эргүү алышаарын жана ар дайым күлүп туруушарын белгилеген.
Ссылка: https://barometr.kg/content2712
Добавить комментарий ×