Кочкордо сел жүрдү

16 июнь 2017 09:24 820 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусунун Кочкор районунда 14-июнь күнү саат 15:30 чамасында жааган жамгырдан улам Соң-Көл айыл аймагына караштуу Төлөк айылында кыян суулары пайда болуп, айылдан сырткары жайгашкан 1 жеке турак жайдын короо сарайларына суу кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле Төлөк-Сон-Көл унаа жолунун 7-15 чакырым аралыгында 16 жерден коктулардан ылдый сел агындары түшүп, унаа жолду кум-шагылга толтурган. Учурда авто каттам токтогон.

КР ӨКМнин Кочкор районунун бөлүм адиси жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте жеринде абал менен таанышып келишкен. Жолду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштарына №14 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content2703



Добавить комментарий