«Шалта» каналы менен 700 гектар жерди суугарууга болот

15 июнь 2017 17:40 587 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сокулук районунун Белек айылындагы «Новотроицкий» (БСР) суткалык жөнго салуу бассейнинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, аталган бассейндин курулуш 1978-жылы башталган. Котлавандарды жана металл түтүктөрдү орнотуу, казуу иштерин өнүктүрүү боюнча иштер  аткарылган. Жумуштун 50% курулуп, фильтрацияга каршы системалары жок болгон.

Комиссия тарабынан облустук суу чарба башкармалыгына «Шалта» каналын куруунун сметасын түзүү тапшырылган. Натыйжада Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы жана Гавриловка айыл өкмөтү тарабынан жалпы сметалык наркы 9 млн 600 миң сомду түзгөн долбоор иштелип чыгып, макулдашылган. Учурда табиягый жоготуулар болуп жаткандыктан айыл чарба жерлерин суугарууда көйгөйлөр бар. Долбоорго ылайык, 3500 метр трубалар өткөрүлүп, Сокулук, Кызыл-Туу, Гавриловка айыл аймактарындагы 700 гектар жер сугарылат. Каналдын жалпы узундугу 6 км.

2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына  58,8 млрд сом бөлүнүп,  65,7 миң гектардан ашык  жаңы сугат жер ишке кирип, жерлерди суу менен камсыз кылуу 51,6 миң гектарга көбөйүп, 9,5 миң гектар жерди өз алдынча суугаруу системасына өтүп, жердин мелиоративдик абалы 50 миң гектарга көбөйөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content2692



Добавить комментарий