Осмонбек Артыкбаев: Карамолдонун 175 жылдык маарекеси боюнча даярдык көрө баштоо керек

15 июнь 2017 10:50 574 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Келерки жылы залкар комузчу, улуу композитор Карамолдо Ороз уулунун 175 жылдык маарекеси болот, аны жакшылап белгилешибиз керек. Ал эӊ биринчи «эл артисти» наамын алган адам. Анын кыргыз маданиятына кошкон салымы менен ээлеген орду өзгөчө. Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кенеш жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

 

«Өкмөт Карамолдонун 175 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча комиссия түзүп, азыртан даярдык көрө башташы зарыл. Китептерди чыгарып, фильмдерди тартып, конференцияларды өткөрүш керек. Анын өмүрү менен өнөрү жөнүндө кийинки муундарга жеткирүү – биздин милдет», - дейт депутат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2653



Добавить комментарий