Токтогулда 2 жашар кыз ажатканага түшүп кетип каза болду
Бөлүшүү:
Кечээ, 14-июнь күнү саат 10:50 чамасында Токтогул шаарынын Ак-Чи көчөсүнүн 16-үйүнүн жашоочусу 2015-жылы туулган кыз короодо ойноп жүрүп ажаатканага түшүп кетип, каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрткө каршы кызматынан куткаруучулары каза болгон кыздын сөөгүн чыгарышып ата-энесине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content2637
Добавить комментарий ×