Улуун издеп ыйлаган апа cоцтүйүндү ыйлатты. Уулу табылды!
Социалдык түйүндөрдө буга чейин апасы издеп жаткан жигиттин видеосу жарыяланды.
Ага чейин социалдык түйүндөрдө ыйлаган эненин видосу жарыяланган эле. Ал өзүнүн уулуна кайрылып, үйүнө кайтып келүүсүн жалынып-жалбарып, ыйлап суранган.
Замке деп уулун эркелеткен эне аны катуу сагынганын жана күтүп жатканын айткан. Ал уулун көрүп өлсө арманы жок экенин билдирген.
Ыйланган аялдын видеосу социалдык түйүндөргө желдей тарап жаткан.Бүгүн анын уулу табылды жана ал да апасына видео кайрылуу жолдоду.
Жаш жигит апасын сагынганын бирок белгилүү себептер менен келе албай жатканын айтты.
Соцтүйүндүн колдонуучулары эмоциаларын жашырбай жазып жатышат.Алар бул видеолорду ыйлабай көрүүгө мүмкүн эместигин айтышууда. Barometr.kgнин кабарчысы да материалды даярдап жатып ыйлады.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын миллионго жакын жараны башка чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content2621
Добавить комментарий ×