Хирург сүйгөн кызынын колун сураш үчүн курсагын кесип, ал жерге шакек салып алган

14 июнь 2017 15:51 2118 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгер жаракатын таңуу учурунда сүйүктүүсүнө шакек алып чыгып колун сураган. Кыз көз жашын токтото алган эмес.

“Карачай-Черкесиялык хирург Азнаур өзгөчө жол менен сүйүктүүсүнүн колун сурады. Ал өзүнүн курсагын кесип, ал жерге шакекти катып койгон”,- деп кабарлайт “Mash” сайты.  Андан соң Азнаур сүйлөшкөн кызына жараатын таңдыруу үчүн барган. Кыз ошол эле ооруканада медайым болуп иштейт. Сүйүктүүсүнө ал кокустан айнектин үстүнө жыгылып кеткенин жана айнектин калдыктарын чыгарып бүрүүсүн өтүнгөн.

Албина күтүлбөгөн сюрпризге кубангандан ыйлап жиберген. Кыз макул деп гана жооп берип койбостон жараатты тигип, таңып берген. Эми эки жаш тойго даярданышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content2608



Добавить комментарий