Катуу шамал үйдүн чатырын учуруп кетти

14 июнь 2017 13:38 490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Балта шаарындагы катуу шамал турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ кечки саат 21:00дөн 23:00гө чейин аталган шаардын аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасын 28 метрге жеткен. Шамалдан кийин ӨКМнын кызматкерлери тарабынан 1 үйдүн 4 шифери учкандыгы такталган. Ал эми шаардык электр тармагы тарабынан убактылуу электр жарыгы өчүрүлгөн.

“Бүгүн шаардык жарандарды коргоо комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору Жайыл районунда катуу шамалдын болушу күтүлөрүн эскерткен.

Ссылка: https://barometr.kg/content2591



Добавить комментарий