Болсунбек Казаков: “Кыргызтелеком” акционердик коомун натыйжалуу башкарып жатышат
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондундагы мамлекеттик мүлктү башкарууда жүргүзүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков мамлекеттик мүлктү башкарууда жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин тизмектеп берди. Ал өз баяндамасында “Кыргызтелеком” акционердик коомунун ишмердүүлүгүнө дагы токтолду.
Анын айтымында, “Кыргызтелекомго” жаңы жетекчинин келиши менен компаниянын дивиденттери жогорулай баштаган. “Ушул жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен бул мекеме 93 миллион сом өлчөмүндө таза киреше алып келген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 11 миллион сомду түзгөн. Менимче, мындай жыйынтык мамлекеттик мүлктү жана адам ресурстарын натыйжалуу башкаруудан улам болуп жатат. Андыктан, биз аларга “Коопсуз шаар” пилоттук долбоорун берели деп жатабыз”, - дейт Маммүлк башкаруу фондунун башчысы.
Мындан сырткары, Б.Казаков баардык мамлекеттик компаниялардын жетекчилерине натыйжалуу башкаруу боюнча бизнес-план иштеп чыгуу милдеттендирилип жаткандыгы тууралуу да учкай маалымат берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content2589
Добавить комментарий ×