Кыргызстанга турист болуп келген голландиялык жигит кыргыз кызына үйлөнүп Караколдо жашап калды

14 июнь 2017 12:35 846 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Голландиялык Андре Волькортэ 7 жылдан бери Каракол шаарында жашап, чакан ишкерчилик менен алектенет. Бул тууралуу kyrgyztimes.kg булагы turmush.kg сайтына шилтеме кылуу менен кабарлады.

Андре Волькортэ Гүлжан аттуу кыргыз кызына баш кошуп, эки балалуу болушкан. Төрт жаштагы уулуна Тимо деген ысым ыйгарышса, кичүү баласын Саид деп аташкан.

«Мен биринчи жолу Кыргызстанга 2007-жылы турист катары келгем. Анда котормочулардын бири болочок жубайым Гүлжан эле. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, үйлөндүк. Баш кошконубузга 8 жыл болду. Алгач 1,5 жыл Нидерланды өлкөсүндө жашадык. Бирок, жубайым мекенин абдан сагынгандыктан Кыргызстанга келдик. Бул жердин аба ырайы, жаратылышы абдан жакты. Мындай кооздукту меймандар дагы көрсүн деп, чакан мейманкана ачтык. Анда чет элдик туристтерди кабыл алабыз»- дейт Андре.

Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн Андре кошуналары менен жакшы тил табышат. Алар Ала-Көл өңдүү жерлерге туристтерди алып барышат. Жубайы дагы котормочу болуп иштейт. Алар гид өңдүү кесип ээлерин иш менен камсыз кылышат.

«Каракол мага абдан жагат. Мен учурда кыялымдагы шаарга келип жашап жатам. Ушул жерде жашап, балдарымды тарбиялагым келет» - деп кошумчалады ал.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2587



Добавить комментарий