Кыргызстан КМШнын ичинен россиялык туристтер көп келген беш өлкөнүн катарына кирди

14 июнь 2017 11:39 404 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстан россиялык туристтер эң көп келген бешиликке кирди. Бул тууралуу “ТурСтат” агенттиги кабарлады.

Аталган агенттик иликтөө жүргүзүп, быйылкы жылдын  3 ай аралыгында Россиянын туристтери кайсы мамлекетке көп баргандыгын аныктаган. 

“ТурСтаттын” маалыматына таянсак, Кыргызстан россиялык туристтердин арасында популярдуу мамлекеттердин катарына кирет.

Быйылкы жылдын алгачкы кварталында Россиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 16 пайызга  же болбосо 44 миңге чейин жеткен

Эскертке кетсек, россиялыктар сууга түшүүгө ыңгайлуу катары Доминикан, Куба, Вьетнам, Бириккен Араб Эмираттарын жана Таиландды эсептесе, сейилдөө үчүн Чехия, Италия, Испания жана Франция мамлекеттерин тандашат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2581



Добавить комментарий