Эс алуу, маданият жана динге бюджеттен 934,5 млн. сом жумшалды

14 июнь 2017 11:10 566 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Акыркы беш айдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттен социалдык тармактарга жумшалган чыгаша 443,7 млн. сомго кыскарган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында социалдык тармакка 25 млрд. 156,7 млн. сом жумшалган. Бул сумма жалпы чыгымдын 50,1 пайызына барабар.

Социалдык камсыздоо - 10 млрд. 964,4 млн. сом (21,8 пайыз),

Билим берүү - 8 млрд. 580,4 млн. сом (17,1 пайыз),

Саламаттыкты сактоого - 4 млрд.677,3 млн. сом (9,3 пайыз),

Эс алуу, маданият жана динге – 934,5 млн. сом (1,9 пайыз)

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2574



Добавить комментарий