Ошто кыргыз-өзбек достугун даңазалаган концерт өттү
Бөлүшүү:
Ош шаарындагы Амир-Темур (Он-Адыр) конушунда кыргызстандык жана өзбекстандык артисттердин катышуусунда Достук концерти өттү. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Бүгүн Шевченко атындагы мектептин короосунда болгон маданий иш-чараны жергиликтүү ишкер Дилмурад Ишанов шаардык кеңештин жана мэриянын колдоосунда уюштурган.
Ишановдун демилгеси менен Ташкенттеги Мукими музыкалык-театрынын артисттери 7-июнда Ошко бир апталык гастролго келишкен. Алар облус аймагында "Жайдары келин" спектаклин акысыз тартуулап жатышат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда сууп кеткен маданий алакалар 2016-жылдын күзүнөн кайра жандана баштады.
Ссылка: https://barometr.kg/content2569
Добавить комментарий ×