Шаардын коопсуздугу үчүн жолдордогу белгилерди жаңылашууда

14 июнь 2017 09:40 597 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын жолдорундагы белгилерди жаңылап, оңдошууда.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн күн сайын жол белгилерин жана зебраларды термопластик менен жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдорду-муздак пластик менен жаңылашууда.

Азыркы учурда жумуш-иштери Курманжан Датка, Горький жана Лев Толстой көчөлөрүндө жүрүүдө. Сары түстөгү белгилер мектепке жакын Кулатов – Ибраимов жана Москва–Эркиндик бульварында тартылууда. Мындан сырткары шаардын башка дагы көчөлөрүндөгү белгилер жаңыланмакчы.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы белгилегендей бул сыяктуу белгилер Европанын жана Россиянын чоң шаарларында коюлуп келет. Бул өтмөктөр алыстан көрүнүп тургандыктан айдоочунун көңүлүн өзүнө бурат жана  жөө жүргүнчүлөр менен болгон жол кырсыктарын алдын алат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2563



Добавить комментарий