Ырчы Абдулазиз Карим өзбек чек арачыларын "эл душманы" деп атады
Мекенинде баркталбай Түркия жарандыгын алган өзбек ырчысы жана композитор Абдулазиз Карим социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу жолдоп, Өзбекстан чек арачыларын “эл душманы” деп атады. 44 жаштагы ырчы мындай кайрылуу жолдоого Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун айтты.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Ырчы ырастагандай, 10-июнда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери анын 76 жаштагы атасын өзбек-казак чек арасында кармашкан. Ырчынын атасы Түркиядан коңшу Казакстан аркылуу Өзбекстанга келе жаткан. Ал чек арачылар карыган атасына карата тыңчылык жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча жалган жалаа жабышканын билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content2548
Добавить комментарий ×