Карылар үйүндө жашаган 90 жаштагы Дөндөк ата өз акчасына ашкананы оңдотуп берди

13 июнь 2017 14:18 643 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Карылар үйүндө жашаган 90 жаштагы Дөндөк Балтабаев аталган жайдын ашканасын, эс алуучу жайын өз каражатынын эсебинен оңдотуп берди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.   

Балтабаев Дөндөк Талас областынын Бакай-Ата районундагы карылар үйүндө жашайт. Өзүнүн бул көмөгүн ал артында жакшылык калтырайын деген ниетте жасаганын айтты.      

 

Карылар үйүнүн директору Манапбай Казакбаев Дөндөк ата жакында 90 жылдык мааракесин өткөрөрүн айтып кошумчалады.   

“Карыя бул жерде 2013-жылдан бери жашайт. Жергиликтүү бийлик дагы анын мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтөбүз дешүүдө”,-деп билдирди директор.

Учурда аталган карылар үйүндө 79 адам жашайт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2540



Добавить комментарий