Майлуу-Суу дарыясынан табылган буттун ээси тирүү, ал операция менен бутун алдырган

13 июнь 2017 14:07 1019 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Майлуу-Суу шаарында суудан табылган буттун ээси тирүү, ал операция жолу менен бутун алдырган”, деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан.Бул тууралуу turmush.kg сайты кабарлады.

Маалым болгондой, Майлуу-Суу дарыясынын жээгинен табылган бут Майлуу-Суу шаарынын 1962-жылы туулган тургунуна таандык.

«Бул боюнча маалымат түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери бутту алып келишкен. Экспертизага алып барышканда дарыгерлер буттун операция жолу менен кесилгенин айтышкан. Андан соң операция качан жасалганы такталды. Буттун ээси былтыр ноябрь айында операция болуптур. Оорудан улам кесилген бутун анын тууганы жерге көмгөн, бирок белгисиз себептерден улам сууга түшүп калган. Ага табигый кырсыктар себеп болушу мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жергиликтүүлөр Майлуу-Суу дарыясынын жээгинен адамдын буту деп болжолдонгон сөөк табылганын маалымдашкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2538



Добавить комментарий