“Асыл” ден-соолугун чыңдоочу комплекси Билим берүү министрлигине өткөрүлдү
Бөлүшүү:
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мамлекеттин менчигинде турган «Асыл» балдардын ден-соолугун чыңдоочу комплекси Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Мындай чечим билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2536
Добавить комментарий ×