70 жаштагы айым өзүнүн келбети менен таң калтырууда
“Австралиялык Каролин Харц өзүнүн 70 жаш курагына карабай келишимдүү келбети менен мактана алат. Бул айым 28 жыл мурда шоколадды канчалык жакшы көрсө да андан баш тарткан”,-деп жазат “Daily Mail”.
"Көпчүлүк 50 жашка чыккан аялдар келбетүү дене бойду сактап калуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Эгер сиз 40 жашта төрөсөңүз да ага чейинки дене мүчөңүзгө кайтып келүүгө мүмкүн”,-дейт Каролин
Сулуу айымдын сыры эмнеде? Ар дайым жеп жаткан тамактын өлчөмүн, сапатын көзөмөлдөп туруу керек.
Мындан сырткары диета кармаганда тамак жебеш керек деп сар-санаа боло бербөө зарыл.
"Мен оптимист адамын. Жашоодо кандай гана кыйын учурлар болбосун позитивдүү адам бойдон калам. Мен ар дайым өзүмө “стакан жарымынан толук” деп эскертип жүрөм", — деди Каролин Хартц.
Ошондой эле австралиялык айым уйкусуна жана эс алуусуна көңүл бөлөт. Ал күнүнө сегиз саат уктаганга жана эртең мененкисин медитация жасаганга убакыт бөлөт.
"Мен күндө эртең менен медитация кылам. Бул ыкма менен 65 жашымда гана алек боло баштагам. Өзүңүзгө кам көрүүгө эч качан кеч эмес”,-дейт Каролин.
Бир күндө жарым саат ити менен сейилдейт. Бул анын маанайын көтөрүлүүсүнө жардам берет. Ошону менен катар ал йога жана теннис менен машыгат.
Азыр Каролин үч баланы тарбиялап келет жана кант кошулбаган десерттерди чыгаруунун үсүтүндө иштейт.
"Бактылуу болуңуздар жана карыдым деп кайгырбаңыздар”, — дейт ал өз сөзүндө. Эч качан өзүңүздү башкалар менен салыштырбай ар кимдин ушак сөздөрүн укпаганга аракет кылыңыздар.
Ссылка: https://barometr.kg/content2531
Добавить комментарий ×