Тажикстанда Эмомали Рахмондун китептери чоң суроо-талапка ээ болууда

12 июнь 2017 11:28 706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун калемине таандык китептер, ошондой эле өлкө башчынын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу чыгармалар Дүйшөмбүдөгү китеп дүкөндөрүндө эң көп сатылган китептердин сап башында турат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Китеп сатуучулар акыркы жылдары мектеп китептерине суроо-талап күчөгөн август жана сентябрь айларынан башка учурларда мамлекет башчынын китептери көп сатыла турганын айтышууда.

 

Шаардын борборундагы китеп дүкөнүн иштеткен Абуали Умарзода күн сайын 10 чакты тарыхый китеп сатса, алардын жарымынан көбү президенттин калемине таандык экенин айтат.

 

Ал мамлекет башчынын китептерине суроо-талаптын жогору болушун өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын көбүндө Улут көсөмүнүн китептеринин бурчтары түзүлүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

 

Тажикстанды 25 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон тажиктердин тарыхы жана тажик тили боюнча жалпысынан 20дан ашык китеп жазган. Президенттин эмгектери ири нускада жана мыкты сапатта басылып чыгат. Алардын эң кымбаты тажиктердин байыркы замандан XIX кылымдын аягына чейинки тарыхын камтыган «Тажиктер тарых күзгүсүндө» аттуу китеби эсептелет.

 

Эксперттердин пикиринде, аткаминерлер иш бөлмөлөрүнө президенттин китептерин коюшуп, эл алдына чыгып сүйлөгөндө Эмомали Рахмондун китептеринде жазылган сөздөрдү колдонушат. Саясий серепчи Хурсанд Хуррамов Тажикстандагыдай коомдордо кошоматчылык менен мактоолор мамкызматкерлердин кызматтан жогорулашына жардам бере турганын белгилейт. Айтымында, президенттин китептери менен сүрөттөрүн сактоо, сүйлөгөндө мамлекет башчынын сөздөрүн колдонуу авторитардык коомдорго мүнөздүү көрүнүш.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2466



Добавить комментарий