Алматы облусунда үч адам дааратканага түшүп кетип каза болду
Бөлүшүү:
Казакстанда бир үй-бүлөдөн үч адам дааратканага түшүп кетип мерт болду.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
«Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, окуя 6-июнда Алматы облусуна караштуу Карасай районундагы Кыргауылды айылында болгон. Бейрасмий маалыматтар боюнча, 10 жаштагы кыз чөнтөк телефонун дааратканага түшүрүп алган. Ага жардамга келген 50 жаштагы эркек киши менен 24 жаштагы келин да каза болгон.
Үчөөнүн сөөгүн кошуналар алып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content2456
Добавить комментарий ×