“Жөө жүргүнчү” аталыштагы рейддер өткөрүлөт

12 июнь 2017 09:10 576 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын жолдорунда катталган акыркы беш айдын ичинде жол-кырсыктарынын кесепетинен көптөгөн жөө жүргүнчүлөрүбүз жабыр тартууда. Жүргүзүлгөн анализге таянсак баардыгы 910 жол-кырсыгы катталса, алардын ичинен каза тапкандары-23 жаран, 1107 жаран жол-кырсыктарынын кесепетинен жапа чеккендер. Катталган жол кырсыктарнынын 56% жөө жүргүнчүнүн сүзгөндөр болууда. Жалпысынын катталган 510 жол-кырсыгы, жөө жүргүнчүнүн катышуусунда болуп, анын ичинен 13 адам каза тапса, 521 жараныбыз ар кандай жаракат алышкандар.Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин ПМБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорудагы көрсөткүчтөрдүн негизинде жана жарандарыбыздын ден-соолугун, өмүрүн сактоонун максатында айдоочулар жана жөө-жүргүнчүлөр арасында жол-эрежелерин бекем сактап жүрүү, алардын ичинен жөө-жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүү эрежелери боюнча эскертүү, түшүндүрүү, профилактикалык иштери жургүзүлөт.  “Жөө жүргүнчү” аталышта Бишкек ШИИББнын Патрулдук милиция менен милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр боюнча тескөөчүлөр менен бирдикте Бишкек шаарынын аймагында бүгүн 12-июндан баштап рейддер жүргүзүлөт.

Чогулган жер: Бишкек ШИИББнын имараты, башталышы 12-июнь саат 07:45.

Ссылка: https://barometr.kg/content2452



Добавить комментарий